Астанада эксперттер шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты

Астанада эксперттер шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты

Астанада казакстандык жана чет элдик саясат таануучулар, аналитиктер жана коомдук байкоочулар Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун «Сайлау 2026» эксперттик аянтчасында шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Жаңы Конституциянын жоболорун мындан ары практикалык ишке ашыруу да негизги орунда турат. Серепчилер кампаниянын аякташы реформалардын жаңы этабын ачарын баса белгилешет. Курултайдын акыркы курамы аныкталгандан кийин анын жетекчилигин жана комитеттери түзүү керек болот. Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле жаңы парламенттик моделдин мыйзам чыгаруунун сапатына жана депутаттардын ортосундагы жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө кандай таасир этерин талдап жатышат. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунда өткөн кампаниянын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири катары анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аташат. Мындан тышкары, эксперттер, шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү казакстандык коомчулуктун Президент Касым-Жомарт Токаевдин саясий багытын колдоору жогору экендигин көрсөтөт.

Жандос Шаймарданов, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:

– Шайлоочулардын катышуусу 74 пайыздан ашты. Башкача айтканда, шайлоочуларыбыздын дээрлик төрттөн үч бөлүгү жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, добуштарын беришти. Өткөн иш-чаралардын алкагында саясий атаандаштыктын өскөндүгүн көрүп жатабыз. Жалпысынан бардык эксперттик коомчулук өткөн шайлоо өнөктүгү абдан активдүү, абдан атаандашуу менен болгон деген пикирге бир добуштан макул.

Америкалык эксперт Кен Мориясунун айтымында, саясий өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеген – алар биринчи кезекте мамлекеттин натыйжалуу жана ырааттуу иштешине жардам бериши керек. Мындан тышкары, Hudson Institutунун кызматкери Казакстандагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чет өлкөдө, анын ичинде АКШда да кылдаттык менен байкап жатканын белгиледи.

Кен Мориясу, Hudson Institutунун улук кызматкери:

– Вашингтондо жана  жалпысынан Америка Кошмо Штаттарында Казакстанга болгон кызыгуу абдан чоң. Анткени, менин оюмча, Америкада Борбор Азия аймагы ири державалардын ортосундагы атаандаштык шартында барган сайын маанилүү болуп баратканы түшүнүлүүдө. Ошондуктан Казакстандын туруктуу саясий системаны түзүүгө багытталган аракеттери Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң кызыгууну жаратууда.

Которгон: Назира Бегалиева