Астанада БУУнун күнүнө карата «Glocal: Глобалдык максаттар. Адам тагдырлары» көргөзмөсү ачылды

Астанада БУУнун күнүнө карата «Glocal: Глобалдык максаттар. Адам тагдырлары» көргөзмөсү ачылды

Астанада БУУнун 81-жылдыгына карата «Glocal: Глобалдык максаттар. Адамдардын тагдыры» аттуу сүрөт көргөзмөсү жана мультимедиялык экспозиция ачылды. Анда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген казакстандыктардын 30 портрети жана жеке окуялары чагылдырылган. Алардын арасында биоартүрдүүлүктү сактаган окумуштуулар, экологиялык чечимдерди сунуштаган жаш ойлоп табуучулар, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырган мугалимдер, медицина кызматкерлери, ишкерлер бар. Булар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө эмгеги менен салым кошкон, БУУнун максаттарына жетүүгө көмөктөшкөн казакстандыктар. Экспозиция беш багытты камтыйт: планета, гүлдөп өнүгүү, адамдар, тынчтык жана өнөктөштүк.

Саранго Раднарагча, БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:

– Туруктуу өнүгүү максаттары ар бир адамга тиешелүү жана күнүмдүк жашоо менен түздөн-түз байланыштуу. Бул билимге жана саламаттыкты сактоого жетүү, социалдык коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, татыктуу эмгек шарттары жана өнөктөштүк. Бардык 17 максат адамдардын чыныгы муктаждыктарын чагылдырат. Көргөзмөнүн биздин конокторго жеткиргибиз келген негизги билдирүүсү - жергиликтүү деңгээлдеги кичинекей демилгелер да жашоону жакшы жакка өзгөртө алат. Биздин программалар жардам берген адамдардын окуялары мындай аракеттердин глобалдык максаттарга жетүүгө кандай салым кошоорун айкын көрсөтүп турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков