Астанада Ai & Digital Bridge Эл аралык форуму өтүп жатат

Астанада Ai & Digital Bridge Эл аралык форуму өтүп жатат

Астанада AI & Digital Bridge ири эл аралык форуму өтүп жатат. Бул форум Евразияда абройлуу аянтчага айланып, дүйнөлүк алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери, тармактын серепчилери жана белгилүү стартап иштеп чыгуучулары чогулушат. Бул жерде инновациялык идеялар жаралып, өнөктөштөр жолугушуп, реалдуу долбоорлор ишке киргизилет. Казакстандын Президенти катышуучуларга кайрылып, заманбап жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калган жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондуктан, форумдун күн тартиби жыл сайын кеңейип, азыркы учурда жасалма интеллект гана эмес, эсептөө инфраструктурасы, робототехника, мыйзамдык жөнгө салуу жана технологиялык коопсуздукту да камтыйт. Казакстан жаңы технологияларды киргизүү аркылуу ачылган бардык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууга умтулат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


–  Быйыл Казакстандын IT-кызмат көрсөтүүлөрүнүн экспорту 1 миллиард доллардан ашты. Биздин санариптик чечимдерибизди дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсү колдонушат. Бул ийгиликтердин баары Казакстандын өлкөбүздүн жана бүткүл дүйнөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн өнүгүүгө салым кошууга болгон чын ыкластуу умтулуусун чагылдырат.


Бирок муну менен токтоп калууга болбойт, тескерисинче, жасалма интеллекттин кубаттуулугун толук пайдалануу керек. Касым-Жомарт Токаев өнөр жайлык ЖИ-тапшырмалардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Алардын негизинде экономиканын реалдуу суроо-талаптары болушу керек. Ушул тизменин негизинде Президент ЖИ сынагын баштап, казакстандык жана чет элдик командаларды тартууну сунуштады. Натыйжалуулугун далилдеген мыкты демилгелер өндүрүшкө киргизилет. Мамлекет башчысы адам капиталына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, заманбап маалымат борборлору жана алдыңкы технологиялар керектүү натыйжаны алууну кепилдей албайт, анткени окумуштуулар, инженерлер, ишкерлерсиз ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


–   Ошондуктан, биз билимдүү, квалификациялуу жана инновациялык ой жүгүрткөн адистерди даярдай турган улуттук илимий-инженердик мектепти түзүшүбүз керек. Бул жагынан алганда, жакында ачылган Qazaq AI Research Universityге өзгөчө милдет жүктөлөт. Бул окуу жайы окутуу менен катар өндүрүш жана экономиканын талаптарына жооп берген илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшү керек. Бул максатка жетүү үчүн, жасалма интеллектти конкреттүү тармактарга колдонуу үчүн иштелип чыккан AI+X модели киргизилип жатат.


Мамлекет башчысы жасалма интеллектти жөнгө салуу маселелерине өзүнчө токтолду. Касым-Жомарт Токаевтин пикири боюнча, келечектүү иштеп чыгуулар жана капитал башка юрисдикцияларга кетишине жол бербөө керек. Бул үчүн укуктук тең салмактуулук зарыл. Президент жасалма интеллектти жоопкерчилик менен пайдалануу маданиятын калыптандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи. Казакстан нейрондук тармактарды тынчтык жана коопсуз пайдаланууну колдойт. Технологиялар адамга кызмат кылып, өнүгүүнүн катализатору болушу керек.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Президент Дональд Трамптын демилгеси менен америкалык алдыңкы технологиялык компаниялардын «Суперинтеллект жөнүндө келишимге» кол коюшун белгилегим келет. Менимче, бул ыкма бардык кызыкдар өлкөлөр тарабынан кылдат талкуудан кийин глобалдык деңгээлде кабыл алынышы мүмкүн болгон модель катары каралат.


Мамлекет башчысы соңунда Казакстан жаңы технологиялык экономика үчүн бекем пайдубал түптөгөнүн билдирди.


Которгон: Илгиз Жамалбеков