К. Токаев өлкөлөрдү Каспий деңизин сактап калуу үчүн күч-аракетти бириктирүүгө чакырды

К. Токаев өлкөлөрдү Каспий деңизин сактап калуу үчүн күч-аракетти бириктирүүгө чакырды

Каспий – бул миллиондогон адамдардын бакубат жашоосунун булагы, Евразиянын негизги транспорттук жана энергетикалык түйүнү болгон уникалдуу жаратылыш байлыгы. Деңиздин экосистемасын сактоо, биринчи кезекте, Каспий боюндагы мамлекеттердин өзгөчө көңүл буруусун талап кылат. Түркмөнстандын Аваза шаарында өткөн Каспий экологиялык саммитинде суунун тартылышы, булганышы жана адамдын таасиринин күчөшү сыяктуу коркунучтар талкууланды. Касым-Жомарт Токаев кызматташтыктын негизги багыттарын атады. Ал экологиялык коркунучтарды жоюуда макулдашылган илимий мамиленин зарылдыгын белгиледи. Адаптация сценарийлерин иштеп чыгуу үчүн Президент Казакстандын Каспий деңизи боюнча илим-изилдөө институтунун дараметин колдонууну сунуштады. Мындан тышкары, ресурстардын абалы, жээк сызыгынын өзгөрүшү, биоартүрдүүлүк жана башка параметрлер боюнча маалыматтарды мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн жалпы санариптик платформаны түзүү иштерге жардам берет. Касым-Жомарт Токаев эл аралык аракеттерди бириктирип, деңиз акваториясын гана эмес, Каспийге куйган дарыя бассейндерди калыбына келтирүү боюнча келечектүү долбоорлордун пулун түзүүгө чакырды. Ошол эле учурда, Мамлекет башчысы Тегеран конвенциясынын туруктуу катчылыгын түзүүнү аяктоо принципиалдуу маанилүү деп атады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Бизге чечимдердин ырааттуулугун, иш-аракеттердин координациясын жана жогорку деңгээлде жетишилген бардык макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кыла турган натыйжалуу механизм керек. Казакстан БУУнун колдоосу астында Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча ишин улантат, анткени биздин жалпы милдетибиз – суу ресурстарын глобалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу ошол эле учурда Каспийдин экологиялык абалына артыкчылыктуу көңүл буруу. Суу коопсуздугу азык-түлүк, энергетика жана климаттык коопсуздук маселелери менен катар эл аралык күн тартипте татыктуу ордун ээлеши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков