Astana Media Week 2026 эл аралык форуму башталды

Astana Media Week 2026 эл аралык форуму башталды

Казакстандагы Astana Media Weekте жасалма интеллект жана санариптик технологиялар доорунда журналистиканын келечеги талкууланууда. Казакстандын борборундагы эл аралык форум 10-ирет өтүп жатат. Анда Казакстан, Грузия, Азербайжан, Кыргызстан, Швейцария жана башка өлкөлөрдөн келген журналисттер, ЖМК жетекчилери жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулду. Чакырылган серепчилердин арасында Euronews, Meta жана TikTokтун өкүлдөрү бар. Азыркы учурда дүйнөдөгү адамдардын көбү маалыматты интернет аркылуу алышат. Мисалы, казакстандыктардын дээрлик жарымы жаңылыктарды социалдык тармактардан жана мессенджерлерден билишет. Редакциялардын иши да өзгөрүүдө. ЖИ контентти түзүүгө жардам берет, ал эми салттуу ЖМКлар жаңы санариптик платформаларды өздөштүрүүдө. Ошол эле учурда өлкөнүн медиа рыногу өсүп жатат. Акыркы 10 жылда Казакстанда ЖМКлардын саны эки эседен ашык көбөйүп, 5,5 миңге жетти. Мындай шартта маалыматтын аныктыгы жана аудиториянын ишеними өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул маселелерди форумдун катышуучулары да көтөрүшүүдө. Ал тажрыйба алмашуу аянтчасы гана болбостон, медиа чөйрөсүндө жаңы келишимдерди түзүүгө да шарт түзөт.

Канат Искаков, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министринин биринчи орун басары:

– Биздин кесиптештер башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен бир нече контенттик документтерге кол коюуну пландап жатышат. Ошондой эле, дезинформация маселелери боюнча меморандумга кол коюу боюнча иштер жүрүп жатат, буга кошумча медиа чөйрөсүндө бизде түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат министрлеринин жолугушуусу өтөт, анын алкагында чоң коммюникеге кол коюлат, ошондуктан Astana Media Week салттуу түрдө талкуулоо үчүн гана эмес, бир катар келишимдерди түзүү үчүн да аянтча болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков