Astana Finance Days форумуна 90 өлкөдөн катышуучулар келди

Astana Finance Days форумуна 90 өлкөдөн катышуучулар келди

Астанада эл аралык инвестициялык жана каржы компаниялары казак экономикасына капитал салуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда. Учурда борбордо өтүп жаткан Astana Finance Days форуму 90 өлкөдөн сегиз миң катышуучуну чогултту. Алардын арасында BlackRock, Goldman Sachs, Capital Group, Brookfield жана башка ири глобалдык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү бар. Форумдун катышуучу компанияларынын башкаруусундагы активдердин жалпы көлөмү 26 триллион доллардан ашат. Форумдун ишкердик программасында реалдуу секторду каржылоо, финансылык инфраструктураны өнүктүрүү, инвесторлордун укуктарын коргоо жана чек аралар аралык кызматташтык маселелери камтылган. Уюштуруучулар быйыл казакстандык бизнестин эл аралык инвесторлор менен өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык механизмдерине өзгөчө көңүл бурулганын баса белгилешет.

Ренат Бектуров, «Астана» эл аралык каржы борборун башкаруучу:

–  Биз инвесторлорду чогулттук. Биз тандап алган долбоорлор өздөрүн тааныштырып, долбоорлорун сунуштоого мүмкүнчүлүк алышат. Андан кийин инвесторлор мыкты долбоорлорду тандап, келишим түзө алышат. Башкача айтканда, анын жыйынтыгын, балким, кийинки жылы көрөбүз.Быйыл да негизги багыттарыбыз өзгөргөн жок. Алар — капитал рыногу жана жөнгө салуу. Быйыл санариптик активдерге жана токендештирүүгө да өзгөчө чоң блок арналды.

Кен казуу, инновациялык долбоорлор, жасалма интеллект технологиялары – инвесторлордун кызыгуусун арттырган көптөгөн багыттар бар. Janus Henderson Investors ар кайсы өлкөлөрдө 500 миллиард доллардан ашык активдерди башкарат. Компаниянын өкүлдөрү Казакстандын финансылык инфраструктурасынын өнүгүшүн жана АЭКБ түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү белгилешет. Азыркы учурда каржылык уюм өз ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейтүүнү жана өлкөгө түз инвестицияларды салууну карап жатат.

Мишал Аль Фарис, Janus Henderson Investors бөлүмүнүн жакынкы Чыгыш, Африка жана Борбордук Азия боюнча регионалдык жетекчиси:

– Бул биз Astana Finance Days иш-чарасына экинчи жолу катышып жатабыз жана жыл сайын иш-чаранын масштабы өсүп жатканын көрүп жатабыз. Мен барган сайын көбүрөөк компаниялар АЭКБда өкүлчүлүктөрүн ачарын күтөм. Биз буга абдан кызыкдарбыз. Биз казак өкмөтү менен байланыштарды кармап турабыз жана Казакстанга кандайча операцияларыбызды кеңейтүү жана инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков