Астанада AI & Digital Bridge 2026 эл аралык форумунун жыйынтыктары чыгарылды. Форумдун алкагында 60тан ашуун жаңы келишим түзүлдү. Алардын арасында санариптик активдер рыногун өнүктүрүү жана Казакстанда блокчейн технологияларын колдонуу боюнча Kraken компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандум бар. Бул компаниянын жетекчилиги, ошондой эле Higgsfield AI жана DREAM компанияларынын башчылары менен Премьер-министр Олжас Бектенов бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Тараптар кадрларды даярдоо, биргелешкен долбоорлор жана казакстандык адистердин эл аралык технологиялык демилгелерге катышуусу боюнча сүйлөшүштү. Форумдун жыйынтыгында келечектүү жасалма интеллект иштеп чыгууларын кеңейтүү пландары да белгиленди. Мындай багыттардын бири - робототехника.
Владислав Сафаров, Qazbot Technologies компаниясынын башкы мүдүрү:
– Бизде пилоттук долбоор бар, аны Казакстандын эң ири эки шаарында – Астанада жана Алматыда ишке ашыргыбыз келет. Пилоттун биринчи этабында биз гуманоиддик робототехниканы жана иттерди киргизебиз, алар калк менен байланышта болот. Астанада биздин биринчи жайгашкан жерибиз – бул LRT, жарандарыбызды, жүргүнчүлөрдү маалымдоо, каттамдар тууралуу маалымат берүү, LRT колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү, ошондой эле мейманканалар, калкты тейлөө кызматтары, социалдык объектилер.
Кызыкчылыктарды практикада ишке ашыруу форумдун негизги багыттарынын бири. Сунушталган иштеп чыгуулар буга чейин өнөр жайда, билим берүүдө, каржы секторунда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасында колдонулуп жатат. Эми эң натыйжалуу чечимдерди масштабдуу кылуу жана санариптик кызматтарды жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу маанилүү. Мындай долбоорлордун бири 1414 бирдиктүү байланыш борборунун базасында иштеп жатат.
Арман Кенжегалиев, «жарандар үчүн өкмөт» мамлекеттик корпорациясы башкармалыгынын төрагасы:
– Бүгүнкү күндө жасалма интеллект-ассистенти эң талап кылынган мамлекеттик кызматтарды, инсандыгын тастыктаган документтерди алуу, кыймылсыз мүлктү жана юридикалык жактарды каттоо, социалдык төлөмдөр боюнча айдоочулук күбөлүк алуу, башкалар боюнча консультацияларды көрсөтөт. Ассистент азыркы учурда толук кандуу иштеп, чалууларды кабыл алууда жана үч тилде иштеп жатат. Бүгүнкү күндө жасалма интеллектке негизделген ассистент чалууларды кабыл алып, учурлардын 40 пайызында маселени өз алдынча чечет. Натыйжада жаран керектүү кызматты алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

