Курултайга шайлоодогу шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү
Казакстандын партияларынын ортосундагы ачык талкуулар болду. Саясат таануучулар
белгилегендей, теледебаттарга катышуу саясий бирикмелерге программаларын
көрсөтүүгө, негизги маселелерди талкуулоого жана жарандардын алдында
позицияларын ачык далилдөөгө мүмкүндүк берет. Серепчилердин айтымында, мындай
формат демократиялык маданиятты өнүктүрүүгө, ошондой эле саясий күчтөр менен
коомдун ортосундагы диалогду бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, эл аралык
изилдөөлөр көрсөткөндөй, ачык талкуулар шайлоочулардын саясий партияларга
болгон ишенимин арттырат. Ошондуктан, саясат таануучулар ишендиришкендей, Курултайга
шайлоо коомдук күн тартибинин негизги темаларынын бири болуп калды.
Жанар Тулиндинова, Казакстандын Президентине караштуу
Стратегиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм башчысы:
– Биз шайлоо өнөктүгүндө, үгүт мезгилинде партиялардын ортосундагы
парламенттик талаш-тартыштар жаңы деңгээлге чыкканын көрүп жатабыз. Мурда бул,
шайлоого бир күн калганда бир жолку талаш-тартыш болсо, быйыл бул чыныгы
жетишкендик, анткени бир нече тур талаш-тартыш өтүп жатат, ага бардык улуттук
телеканалдар тартылган. Ар бир телеканал өз форматын сунуштайт. Партиялар өз
аргументтери менен шайлоочуларды тартууга гана аракет кылбастан, атаандаштарын
сындап да көрүшөт, бул кадыресе көрүнүш жана саясий маданияттын
жогорулагандыгын чагылдырат.
Белгилей кетсек, эртең, баш оона айынын 12синде, Казакстандын Президентинин Телерадио комплексинин курамына кирген «Jibek Joly» телеканалынын түз эфиринде саясий партиялардын кезектеги теледебаттары өтөт. Негизги тема – адилеттүү коомдун негизи катары мыйзамдын үстөмдүгү. Ар бир партиядан экиден спикер чыгат. Алар «Мыйзам жана тартип» деген конституциялык принципти ишке ашырууга болгон мамилелерин көрсөтүп, каршылаштарынын суроолоруна жооп беришет.
Которгон: Назира Бегалиева

