Астанада өткөн AI & Digital Bridge форумунун алкагында Казакстандын президенти дүйнөлүк ири технологиялык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Алар Экибастуздагы «Маалымат борборлор өрөөнү» долбооруна кызыгуусун билдиришти. Мисалы, Касым-Жомарт Токаев NVIDIAнын вице-президенти Рев Лебаредян менен жолугушууда NVIDIA жана Firebird менен түзүлгөн келишимдердин анын ишке ашуусу үчүн маанисин белгиледи. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Казакстанда NVIDIA технологияларынын негизинде эки суперкомпьютердик кластер иштеп жатат. Ошондой эле тараптар адистерди даярдоо жана технологиялык экосистеманы мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Рев Лебаредян Казакстанда жасалма интеллект инфраструктурасынын өнүгүүсүн жогору баалады.
Казакстандын Президенти General Atlantic компаниясынын төрагасы жана башкы мүдүрү Уильям Форд менен дагы бир жолугушуу өткөрдү. Компания «Маалыматтарды сактоочу борборлор өрөөнү» долбооруна катышууга кызыкдар, ал жасалма интеллект, булуттук эсептөөлөр жана санариптик кызматтар үчүн инфраструктураны түзөт. Мындан тышкары, тараптар финтех, электрондук коммерция, программалык камсыздоо жана жасалма интеллектке инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Президент Казакстанда өзүнүн технологиялык экосистемасын түзүү жөнүндө айтып берди. Анын негизин Astana Hub, Alem.ai жана Qazaq AI Research University түзөт, ал эми негизги максаты - Higgsfield AI сыяктуу дүйнөлүк рынокта атаандаштыкка жөндөмдүү жергиликтүү технологиялык компаниялардын пайда болушуна өбөлгө түзүү.
Мамлекет башчысы форумдун алкагында БАЭнин делегациясын кабыл алды. Президент суперкомпьютердик инфраструктураны өнүктүрүү, Smart City долбоорлорун ишке ашырууда жана улуттук транспорттук кыймылды, видео көзөмөлдөө тутумун түзүүдө Presight AI менен кызматташтыкты жогору баалады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө G42 International компаниясынын «Маалыматтарды сактоочу борборлор өрөөнү» долбооруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Аль-Мазруиге жана Абу-Дабинин саламаттыкты сактоо департаментинин төрагасы Мансур Аль-Мансуриге II даражадагы «Достук» орденинин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

