Эксперттер: Конституциялык реформа Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат

Эксперттер: Конституциялык реформа Казакстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат

Казакстандагы Курултайга өткөн шайлоо чоң мааниге ээ. Бул өлкөнүн институционалдык өнүгүүсүнүн жаңы этабын ачкан конституциялык реформанын натыйжасы. Серепчи Доменико Палмиеринин пикири боюнча, жаңы парламенттик моделдин чечимдерди ыкчам кабыл алууну, мыйзамдардын туруктуулугун жана өлкөдө иштөө үчүн алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон шарттарды канчалык деңгээлде камсыз кылаары негизги маселе болуп саналат. Италия Азия институтунун башкы катчысынын айтымында, мыйзам үстөмдүгүн жана саясий туруктуулукту бекемдөө чет элдик инвесторлордун жана бизнестин өлкөгө, узак мөөнөттүү салымдар үчүн жагымдуу аянтча катары ишенимин арттырат.

Доменико Палмиери, Италия Азия институтунун башкы катчысы:

– Албетте, Казакстандын туруктуулугу жана туруктуу саясий системасы инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени эң негизгиси - экономиканын абалы, экономикалык система жана мыйзам үстөмдүгү.

Серепчинин пикиринде,  жаңы саясий өзгөрүүлөрдүн мааниси Казакстандын чегинен тышкары чыгышы мүмкүн. Анткени өлкө Борбор Азияда гана эмес, дүйнөлүк аренада да орто держава катары негизги оюнчулардын бири болуп саналат. Ошондуктан анын реформаларынын тажрыйбасы аймактын мындан аркы өнүгүүсүнө да таасир этиши мүмкүн.

Доменико Палмиери, Италия Азия институтунун башкы катчысы:

- Албетте, менин көз карашым боюнча, Казакстан Борбор Азиянын алдыңкы өлкөсү болуп саналат. Ошондуктан, бардык реформалар, өзгөрүүлөр жана Казакстан тандаган багыт башка өлкөлөргө үлгү болуп, Борбор Азиянын туруктуулук жагынан өлкөдөгү эң маанилүү аймактардын бирине айланышына өбөлгө түзө алат. Президент Токаевдин жетекчилиги астында Казакстан Борбор Азия үчүн жаркын үлгү болот. Жаңы өзгөрүүлөр Казакстан элине жана бүтүндөй регионго кандай пайда алып келерин көрсөтөт.

Которгон: Назира Бегалиева