Семейде Абай Кунанбай уулунун туулгандыгынын 181 жылдыгына карата улуу казак
акыны жана ойчулунун атындагы музейде буга чейин эч жерде коюлбаган документтер жана баалуу кол жазмалар алгачкы
жолу сунушталды. «Абай доору: документтер жана эскерүүлөр» экспозициясы заманбап
казак жазуу адабиятынын негиздөөчүсү Абайдын жашоосу жана коомдук ишмердүүлүгү
тууралуу жаңы тарыхый материалдар менен тааныштырат. Экспонаттардын арасында -
салттуу булгаары кур, анын чапанынын көчүрмөсү, тогуз коргоол ойноо тактасы
жана он томдук чыгармалар жыйнагы бар. Көргөзмөдө Абайдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн
каттары, анын кат алышуулары жана замандаштарынын эскерүүлөрү өзгөчө орунду
ээлейт.
Булбулназ Уахметова, «Жидебай-бөрүлү» Абай корук-музейинин
бөлүм башчысы:
– Ошондой эле, биз Абайдын досу жана шакирти, акынды жеке
таанып, анын заманында жашаган таланттуу Көкбай Жанатай уулунун эскерүүлөрүн да
сунуштадык. Абайдын уулу Турагулдун атасы жөнүндөгү эскерүүлөрүн, Архам Какитай
уулунун Абайдын өмүрү тууралуу эмгектерин, ошондой эле Ахат Шакарим уулу менен
Ниязбек Алдажаровдун иштерин даярдадык.
Майрамдык иш-чаралар Павлодар шаарында да уланды. Анда
Абайдын чыгармачылыгын жайылтууга арналган адабий эстафета башталды. Жаштар «Насаат
сөздөрүн» өздөрүнүн чечмелөөсүн жана маанисин тартуулап, улуу акындын бай
адабий жана философиялык мурасы менен таанышышты.
Медет Тауаскан, Павлодар облусунун маданият, тилдерди өнүктүрүү жана архив иштери башкармалыгынын жетекчиси:
– «Насаат сөздөрү» жана Абайдын чыгармаларынын негизги идеясы – жаш муундарды тарбиялоо жана күчтүү улутту калыптандыруу. Дал ушул максатка анын «Толук адам» концепциясы арналган.
Которгон: Назира Бегалиева

