Эксперттер: Жаңы Конституция жарандардын укуктарын коргоо кепилдиктерин чыңдайт

Эксперттер: Жаңы Конституция жарандардын укуктарын коргоо кепилдиктерин чыңдайт

Баш оона айынын 23ү Казакстанда жаңы бир палаталуу парламенттин, Курултайдын депутаттарын шайлоо алгачкы жолу өтөт. Жети саясий партиядан 545 талапкер 145 орун үчүн ат салышууда. Шайлоо жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин өтүп, жаңыртылган мыйзам чыгаруу бийлигин түзүүнүн практикалык этабы болот. Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү саясат таануучу жана изилдөөчү Абдулла Токеновдун айтымында, Баш мыйзам өлкөбүздүн ырааттуу саясий реформаларын бекемдейт. ¤


Абдулла Токенов, Саясат таануучу жана мамлекеттик башкаруу боюнча изилдөөчү:


– Биринчиден, бул бир палаталуу парламент – Курултай, вице-президенттик кызматты киргизүү жана Мыйзам демилгеси укугуна ээ болгон консультативдик-кеңеш берүүчү орган болгон Элдик кеңешти түзүү сыяктуу жаңы саясий институттарды түзүү. Алардын ичинен,  биринчи кезекте жаңы бир палаталуу парламент – Курултайды бөлүп көрсөтүүгө болот. Анын өзгөчөлүгү, мурда эки палаталуу системабыз болсо, эми депутаттар бир палатага бириктирилет. Бул мыйзам чыгаруу бийлигинин, жалпысынан парламенттин, чечим кабыл алуу процессиндеги ролун туруктуураак, таасирдүүрөөк кылат.


Жаңы Конституциянын принциптери эл аралык стандарттарга шайкеш келет жана өлкөбүздө адам укуктарын коргоо тутумун бекемдейт. Бул тууралуу Казакстандын коомдук өнүгүү институтунун серепчиси Нургазы Ануарбеков билдирди. Айтымында,  Халык кеңеши - Элдик кеңештин ролун белгилеп, ага Курултайда мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугу берилгенин айтты.


Нургазы Ануарбеков, Казакстандын  Коомдук өнүгүү институтунун серепчиси:


– Жарандардын укуктарын коргоого багытталган жоболор жаңы кабыл алынган Конституцияда кеңири чагылдырылган. Башкача айтканда, Адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого негизги мыйзамда бир топ басым жасалган. Эл аралык укуктун ченемдери негизги мыйзамда чагылдырылганын өзгөчө белгилей кетүү керек. Биздин Конституция эл аралык стандарттарды жана эл аралык укукта бекитилген ченемдерди эске алат деп белгилегим келет.


Которгон: Назира Бегалиева¤