Ашхабадда Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 35 жылындагы экономикалык жетишкендиктери көрсөтүлдү. Соода-өнөр жай палатасынын аянтында мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын катышуусунда масштабдуу көргөзмө өттү. Алар инвестициялык долбоорлорду жана жергиликтүү өнүмдөрдү сунушташты. Бул экономиканын негизги тармактарындагы - транспорт, курулуш, химия жана айыл чарба тармактарындагы жаңылыктар жана иштеп чыгуулар. Текстиль жана тамак-аш өнөр жайлары, ошондой эле санариптик технологиялар үчүн өзүнчө стенддер сунушталды.
Андрей Хрипунов, Орусия Федерациясынын Түркмөнстандагы соода өкүлү:
– Түркмөнстандын ар кайсы тармактарынан келген бизнес коомчулугунун, өндүрүүчүлөрдүн, экспортчулардын көптүгүн көрүү абдан жагымдуу. Бул кооз өлкө бардык нерсеге бай. Көптөгөн ишкерлердин Орусия Федерациясынын көргөзмөлөрүнө катышкандыгы же катышууга ниеттенип жаткандыгы абдан жагымдуу. Бул иш-чаранын, тактап айтканда, байланыштарды түзүү жана түздөн-түз сүйлөшүү, бизнес өкүлдөрү менен да, кеңири көрсөтүлгөн мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен да баарлашуу жагынан пайдалуу деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

