Жетису облусунда жакында таза казак тукумдары тазы жана дөбөттөрдү
өстүрүү боюнча уникалдуу борбор ачылат. Комплекс жүздөгөн таза кандуу иттерди
селекциялоо жана багуу үчүн аянтча болот. Борбордук Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө
мындай жердин теңдеши жок. Азыр объект дээрлик даяр. Инженердик тармактар
тартылып, көрктөндүрүү иштери аяктап жатат. Аймакта административдик
имараттар, павильондор жана карантин зонасы жайгашат. Ошондой эле ат сарай,
чуркоо жолу жана иттерди машыктыруу үчүн манеж болот.
Бахтияр Рамазанов, «Охотзоопром» өндүрүштүк бирикмесинин
башкы мүдүрүнүн орун басары:
– Бул толук жабдылган комплекс болот. Бул жерде өзүнчө ашкана, ветеринардык клиника жана лаборатория каралган. Ачууга акыркы даярдыктар аяктап жатат. Негизги жабдуулар жана эмеректер орнотулуп бүттү. Калган майда оңдоп-түзөө иштери гана калды.
Которгон: Назира Бегалиева

