Сеулда «Борбордук Азия – Түштүк Корея» алгачкы саммити өттү

Сеулда «Борбордук Азия – Түштүк Корея» алгачкы саммити өттү

Сеулда биринчи Борбор Азия-Корея Республикасы саммити өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Корея Республикасынын президенттери катышты. Касым-Жомарт Токаев саммитти тарыхый окуя деп атады. 20 жыл мурун Корея тарабынан башталган аймак өлкөлөрү менен Кореянын ортосундагы диалог эми эң жогорку саясий деңгээлге жетти. Мамлекет башчысы соода-экономикалык, транспорт, логистика жана энергетикалык кызматташтыкта, ошондой эле санариптештирүү жана маанилүү материалдар жаатында көп тараптуу кызматташтыктын андан ары өнүгүшүн көрөт. Саммитте Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия-Корея өнөр жай жана технологиялык өнүктүрүү боюнча өнөктөштүктү баштоону сунуштады. Бул алкакта өлкөлөр биргелешкен долбоорлордун портфелин иштеп чыга алышат. Бул долбоорлор өндүрүштү локалдаштырууга, технологияларды өткөрүп берүүгө, аймактык кызматташууга жана даяр өнүмдөрдү экспорттоого багытталышы керек. Мындан тышкары, Казакстандын президенти өлкөлөр ортосунда жаштардын байланышын, билим берүү жана маданий алмашуу программасын баштоого чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков