Казакстандын
Эгемендүүлүгүнүн маанилүү этаптарына күбө болгон документалдык тасмалардагы
адамдардын окуялары Семей тургундарына сунушталды. Бул жерде Президенттин Телерадиокомплексинин
30 жылдыгына арналган республикалык кинолекторий өз ишин улантты. Долбоордун
алкагында көрүүчүлөргө эки тасма көрсөтүлдү.
Биринчиси – «Арал» – балык уулоого жарым кылымдан ашык өмүрүн арнаган Кунтуган
Тургунбаев тууралуу баяндайт. Тасма бул уникалдуу суу сактагычты сактоо
маселесин козгойт. Экинчиси – «Серт» – 2024-жылдагы суу каптоолорго арналган. Сюжеттин
борборунда – табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жана жабыркагандарга жардам
берүүгө биргелешип аракет кылган адамдар, ыктыярчылар жана куткаруучулар турат.
Тасмалар көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр менен тасма жаратуучулардын
жолугушуусу болуп өттү.
Манарбек
Сатыбалды, Семей шаарынын тургуну:
– «Арал» тасмасы чоң таасир калтырды. Анткени Арал деңизинин соолуп калышы – бул акыркы он жылдыктардагы Казакстандын эң чоң трагедияларынын бири. Айрыкча, бул аймактын тургундарынын бардык сыноолорго карабастан, өз жерине болгон сүйүүсү жүрөктү козгоду. «Серт» тасмасы мамлекеттин селден жабыркагандарга кандай колдоо көрсөткөндүгүн жана бул оор мезгилде коомубуздун канчалык биримдүү болгондугун көрсөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

