Президенттик Телерадиокомплекстин 30 жылдыгына арналган «Хроникадан келечекке»
кинолекциялык цикли казакстандыктарды даректүү тасмалар менен тааныштырууну
улантууда. Бул ирет билим берүү долбоорунун уюштуруучулары Павлодарда эки күндүк
көрсөтүүлөрдү өткөрүштү. Шаар тургундарына «Казакстанга саякат» жана «Серт» тасмалары сунушталды. Биринчи тасма өлкөнүн туристтик дараметин, аймактарынын жаратылыш жана маданий
байлыгын изилдейт. Экинчиси, эки жыл мурда болгон суу ташкын учурундагы казакстандыктардын
биримдигине жана өз ара жардамына, ошондой эле мамлекет башчынын көрсөтмөсү
менен кырсыктан кийин жүргүзүлгөн калыбына келтирүүгө багытталган.
Эльмира
Ишмухаметова, Казакстан
Республикасынын Президентинин Телерадио комплексинин даректүү тасмалар борборунун улук редактору:
– Биздин негизги миссиябыз — Казакстанда болуп жаткан башкы окуяларды чагылдырган даректүү тасмаларыбызды көрсөтүп, айтып берүү, ошондой эле Президенттин Телерадиокомплексинин өлкөнүн заманбап тарыхый жылнаамасын түзүү боюнча миссиясын улантуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

