Эл
аралык коомчулук Казакстанда болуп жаткан реформаларды жана алардын иш жүзүндө
ишке ашырылышын, анын ичинде бир палаталуу Курултайга шайлоону кылдат
көзөмөлдөп турат. Бул Казакстандын саясий модернизациясынын маанилүү этабы. Бул
тууралуу «New Lines» стратегия жана саясат институтунун улук мүдүрү
Камран Бохари билдирди. Айтымында, жаңы моделге
өтүү функциялардын кайталанышын кыскартууга жана чечимдерди кабыл алууну тездетет,
демек мыйзам чыгаруу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бул өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн маанилүү.
Камран
Бохари, Phd, «New Lines» стратегия жана саясат институтунун улук мүдүрү,
Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча кеңештин улук илимий кызматкери:
– Бир жагынан алганда, эл аралык коомчулук үчүн бул
туруктуулуктун жана өсүүнүн белгиси. Бир палаталуу парламент шартында жаңы
парламенттик шайлоолор позитивдүү кадам. Бирок жолдун аягы эмес экенин
белгилегим келет. Бул президент Токаевдин тушунда, айрыкча 2022-жылдан бери
жүргүзүлүп жаткан реформалар сериясындагы кезектеги этап. Бул олуттуу өзгөрүү.
Менимче, мындай мамиле башкарууну белгилүү бир деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө
мүмкүндүк берет. Эки палаталуу парламентте процесс татаалдашат. Ал эми бир
палата болгондо, система, адатта, анча татаал эмес жана натыйжалуу болот.
Которгон: Назира Бегалиева

