Курултайга азыркы шайлоо — Президент Касым-Жомарт Токаев демилгелеген
кеңири масштабдуу реформалардын натыйжасы. 2019-жылдан бери Казакстанда саясий
өзгөрүүлөр этап-этабы менен ишке ашырылып келет. Ошентип, 2022-жылга чейинки үч
жыл аралыгында мамлекеттик башкаруу системасын жана мыйзамдык базаны
түп-тамырынан бери өзгөртүү боюнча чоң иштер аткарылды. Бул жаңычылдыктардын
олуттуу бөлүгү «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясында чагылдырылган.
Казакстандыктар өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуу
процессине жигердүү катыша башташты. Саясий партияны каттоо үчүн талап кылынган
мүчөлөрдүн саны бара-бара кыскартылды. Парламенттик шайлоодогу талапкерлердин
тизмесине аялдар жана жаштар үчүн 30 пайыздык милдеттүү квота киргизилди.
Партиялардын Мажилиске өтүү босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлүп,
шайлоо бюллетендерине «Баарына каршы» деген тандоо мүмкүнчүлүгү кошулду.
Натыйжада, 2023-жылдын жалган куран айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
боюнча алты партия орунга ээ болду; алардын ичинен үчөө парламенттик мандатты
биринчи жолу алышты.
Жандос Шаймарданов, Казакстан Республикасынын
Президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрү:
– Казакстан жаңы доорго - саясий модернизация дооруна кадам таштады. Иш
жүзүндө бул процесс быйыл же 2025-жылы эмес, алда канча мурда — 2019-жылы,
президент Касым-Жомарт Токаев саясий, экономикалык жана социалдык реформалардын
кеңири топтомун жарыялаган учурда башталган. Бул - ырааттуу түрдө ишке ашырылып жаткан масштабдуу
процесс.
2019-2022-жылдар аралыгында ишке ашырылган реформалар жарандардын
мамлекеттик башкарууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. 2021-жылы айылдардын
жана райондук маанидеги шаарлардын башчыларын шайлоо алгачкы жолу өттү.
Парламенттин жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын (маслихаттардын) ыйгарым
укуктары күчөтүлдү. Укуктук реформалар да ыкчам жүргүзүлдү. Казакстан балдардын
укуктары жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык пакттарга тиешелүү
протоколдорду ратификациялап ошентип, эгемендиктин 30 жылдык тарыхый маанилүү
учуру ири институционалдык өзгөрүүлөр менен коштолду.
Альберто Тюркстра, Саясат тануучу, Diplomatic World
Institute долбоорунун жетекчиси:
– Казакстандын өнүгүүсүн кыскача мындайча мүнөздөйт элем:
улуттук жана мамлекеттик курулуштун үч он жылдыкты камтыган алгачкы ири этабы
ийгиликтүү аяктады. Эгемендикке жетишилип, аймактык бүтүндүк камсыздалды жана
мамлекеттик институттар нөлдөн баштап курулду. Өлкө эл аралык коомчулукта
кадыр-барктуу орто держава катары өз ордун ээледи.
Которгон: Назира
Бегалиева

