Мамлекет башчысы Кыргызстанда жаңы дайындалган Казакстандын элчиси Абылкайыр Скаковду кабыл алды. Маектешүү учурунда Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен достук, коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Президент Абылкайыр Скаковго транзиттик-транспорттук, энергетикалык, суу, агрардык тармактарда, ошондой эле санариптештирүү жана маданий-гуманитардык байланыштар чөйрөсүндө көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

