Маңгыстаунун ыйык жайлары ЮНЕСКОнун бүткүл Дүйнөлүк мурасы деп таанылды

Маңгыстаунун ыйык жайлары ЮНЕСКОнун бүткүл Дүйнөлүк мурасы деп таанылды

Маңгыстаунун ыйык жайлары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине расмий түрдө киргизилди. ЮНЕСКОнун жаңы объектисинин курамына таштан чегилген беш мечит кирди — Бекет ата, Шопан ата, Караман ата, Шакпак ата жана Султан упи. Мындай тарыхый чечим Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинин 48-сессиясында кабыл алынып, Казакстандын өтүнмөсүн катышуучу өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгү колдоду.


Аскар Абдрахманов, Казакстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү:


– Бул чечим Маңгыстаунун ыйык жайлары Казакстан үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн өзгөчө баалуулука ээ экенин тастыктайт. ЮНЕСКО алардын дүйнөлүк маанисин ырастады, демек, бул мурасты сактап калуу — Казакстандын жана бүткүл эл аралык коомчулуктун жалпы милдети.


Жаңы макам ыйык жайлардын өзгөчө тарыхый жана маданий баалуулугун тастыктоо менен бирге Казакстанга аларды сактоо жоопкерчилигин да жүктөйт. Өлкө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, объекттердин абалына көз салып, бул тууралуу ЮНЕСКОго үзгүлтүксүз маалымат берип турат. Эстеликтердин Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кириши Маңгыстау облусуна туристтерди мурдагыдан да көп тартууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө. Еске сала кетсек, 2024-жылы Атыраудагы III Улуттук курултайда Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев аймактын уникалдуу тарыхый-маданий мурасын дүйнөгө даңазалоо зарылдыгын баса белгилеген.


Ерлан Карин, Казакстан Президентинин Администрациясынын башчысынын биринчи орун басары:


– Бул өлкөбүз үчүн чоң окуя. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Кемелевич көтөргөн демилге ишке ашты: 22 жылдан кийин Казакстандын улуттук номинациясы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Бул биздин улуттук, маданий жана тарыхый мурасыбызды кеңири даңазалоого жол ачат, ошондой эле өлкөдөгү ички туризмдин өнүгүшүнө жаңы дем берет деп ишенебиз. Ошондуктан бардык казакстандыктарды ушул маанилүү чечим менен дагы бир жолу куттуктайм.


Белгилей кетсек, Казакстан ЮНЕСКОго 1992-жылдан бери мүчө. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген алгачкы ата мекендик объекттер — 2003-жылы Ходжа Ахмед Яссавинин күмбөзү жана бир жылдан кийин Тамгалы археологиялык ландшафтынын петроглифтери болгон. Эми өлкө жаңы өтүнмөнү даярдоодо, ага Үстүрт платосу жана байыркы аңчылык курулмалары — аранылар кирет.


Которгон: Назира Бегалиева