Курултайдын шайлоосуна партиялык тизмелерди каттоо аяктады

Курултайдын шайлоосуна партиялык тизмелерди каттоо аяктады

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайдын депутаттарын шайлоо үчүн бардык жети партиянын тизмесин каттоону аяктады. Добуш берүүгө бир ай калганда шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларынын курамы толук аныкталды. Жаңы бир палаталуу парламенттин 145 орунуна 545 талапкер ат салышууда. Акыркы болуп БШК «Айыл» партиясынын тизмесин бекитти, андан 69 талапкер көрсөтүлгөн, ошондой эле талапкерлердин эң көп санын, 186 адамды сунуштаган «Адилет» партиясы болду. Алардын бардыгы Конституциянын талаптарына жооп берет, ошондой эле аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн милдеттүү квота сакталган. Алардын үлүшү 47% ашат. Белгилей кетсек, буга чейин «Ак жол», Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы, «Байтак», Казакстандын Элдик партиясы жана Respublica партиялары каттоодон өткөн. Кийинки этап үгүт өнөктүгү. Ал теке айынын 23дө башталып, баш оона айынын 22не чейин созулат. Бул мезгилде саясий партиялар шайлоо алдындагы программаларын сунуштап, өлкө боюнча шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Ал эми баш оона айынын 23дө казакстандыктар алгачкы Курултайдын депутаттарын шайлоого катышат.


Рауан Кенжехан уулу, «Адилет» партиясынын Саясий кеңешинин бюро мүчөсү:


– Талапкерлердин 86% жаңы жүздөр. Бизде өлкө үчүн маанилүү болгон бардык тармактардын жана бардык багыттардын өкүлдөрү бар.


Кайрат Айтуганов, «Айыл» партиясынын төрагасы:


– Тизмеде ишкерлер, ишкана жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү камтылган. Биз өлкөнүн бардык 20 аймагын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушабыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков