Курултай депутаттарын шайлоо күнү казакстандыктар үйдөн чыкпастан жарандык активдүүлүгүн көрсөтө алышат. Бул мүмкүнчүлүк ден соолугуна байланыштуу, үй-бүлөсүнүн ден соолугуна байланыштуу же шайлоо участоктору жок алыскы аймактарда жашаган жүйөлүү себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар үчүн жеткиликтүү. Ал үчүн алар теке айынын 23дө түшкө чейин участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз бериши керек. Андан кийин шайлоочуга көчмө добуш берүү урнасы жеткирилет. Өздүгүн тастыктаган документти көрсөткөндө бюллетень берилет. Добуш берүүнүн купуялуулугу кепилденет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

