Курултай шайлоосу: Астанада шайлоо тилкелеринин даярдыгы текшерилүүдө

Курултай шайлоосу: Астанада шайлоо тилкелеринин даярдыгы текшерилүүдө

Астанада Курултайга депутаттарды шайлоого даярдык көрүү иштери уланууда. Добуш берүү процесси бардык жарандар, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда. Мониторингди борбордук жана аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук уюмдардын катышуусундагы жумушчу топ жүргүзүүдө. Алар техникалык даярдыктын гана эмес, тоскоолдуксуз чөйрөнүн талаптарына жооп беришин да баалашат. Айрыкча пандустардын, кармагычтардын, сезүү аркылуу багыт берүүчү белгилердин, добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабиналардын, ошондой эле көрүүсү жана угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз алдынча добуш беришине шарт түзгөн башка техникалык каражаттардын бар-жогу текшерилүүдө. Жумушчу топтун өкүлдөрүнүн айтымында, бул кемчиликтерди алдын ала аныктап, жоюуга мүмкүндүк берет, ошондо ар бир шайлоочу шайлоо күнү өзүнүн конституциялык укугун тоскоолдуксуз ишке ашыра алат.


Елена Швецова, «Эркиндик канаты» коомдук фондунун аткаруучу мүдүрүү:

– Нускамага ылайык, ар бир шайлоо тилкесинде кулакчыны бар компьютер болушу керек. Ар бир компьютерде Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан атайын программа орнотулат, мисалы, про Брайл шрифтин окуй албаган адам кулакчын тагынып, кайсы партия кайсы кезекте турганын угуп, анан добуш бере алат. Эң башкысы — кире бериштеги чакыруу баскычы иштеп турушу керек. Азыр көрүп тургандай, баскычтар иштеп жатат. Баскыч басылганда күзөтчү чыгып, жардам керекпи же жокпу тактайт.


Белгилей кетсек, борбордо жалпысынан 438 шайлоо тилкеси бар, анда миллиондон ашык шайлоочу катталган, алардын ичинен 7 миңге жакыны өзгөчө муктаждыктары бар адамдар.

Которгон: Назира Бегалиева