Казакстанга Орусиядан мунай жана мунай заттарын жеткирүү боюнча соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишим жанданат. Курултай аталган документтин колдонулушун кайра баштоо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколду ратификациялады. Документте эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу каралган. Ошондой эле мунайзаттарын бажы төлөмүсүз импорттоого мүмкүнчүлүк сакталат. Бул келишим Казакстандын ички рыногун авиациялык отун сыяктуу мунай заттары менен камсыз кылып, быйыл эле болжол менен 30 млрд тенге бажы алымын үнөмдөйт.
Ерлан Аккенженов, Энергетика министри:
– Казакстан үчүн бул келишим энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мунай заттарынын ички рыногунун туруктуу иштеши жагынан маанилүү. Келишим эки мамлекеттин аракеттерин шайкеш келтирүү үчүн эл аралык укуктук негизди түзүп берет. Мунай заттарынын жетишсиздиги жаралган учурда керектүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Курултай Казакстан менен Сербиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндөгү келишимди ратификациялады. Анын алкагында аскердик максаттагы өнүмдөрдү эки өлкөнүн бири-бирине жеткириши каралууда. Ага аскердик техника менен катар, интеллектуалдык иштин жыйынтыктары, тармак боюнча маалымат жана документтер кирет. Келишимди кабыл алуу Казакстандын коргонуу-өнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

