КМШ миссиясы Курултай шайлоолорун адилеттүү жана ачык-айкын деп тааныды

КМШ миссиясы Курултай шайлоолорун адилеттүү жана ачык-айкын деп тааныды

КМШ байкоочулар миссиясы Курултай депутаттарын шайлоону адилеттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана ачык-айкын деп тааныды. Эл аралык байкоочулар добуш берүү жогорку уюштуруучулук деңгээлде жана Казакстандын шайлоо мыйзамдарына толугу менен ылайык өткөндүгүн билдиришти. Миссиянын башчысы Игорь Петришенконун айтымында, шайлоо тилкелери өз убагында ачылып, добуш берүү жана добуштарды эсептөө тынч жана жагымдуу маанайда өттү.

Игорь Петришенко, КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы:

– 2026-жылдын баш оона айынын 23үндөгү  шайлоо күнү миссиянын өкүлдөрү Казакстандын 14 облусундагы 900дөн ашуун шайлоо участкаларына барып, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү участкаларда байкоо жүргүзүштү. Миссия мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, добуш берүү уюшкандыкта, тынч жана жагымдуу маанайда өттү. Добуштарды эсептөө процесси конституциялык мыйзамга ылайык жүргүзүлдү. Шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн болгон мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Байкоочулар: Курултайга шайлоо эң жогорку деңгээлде уюштурулганын билдиришти

Башка өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү да өз жыйынтыктары менен бөлүштү. Эл аралык байкоочулар участкаларда белгиленген жол-жоболордун сакталышына жана жарандардын шайлоого катышуусу үчүн шарттардын түзүлүшүнө көз салышты. Алар комиссиялардын ишине, шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүгө жана алардын укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурушту. Добуш берүүнүн жүрүшүн байкаган Пакистан жана Тажикстандын өкүлдөрү шайлоо процесси жарандардын эркин билдирүүсүнө таасир эте турган бузууларсыз өткөндүгүн айтышты.

Сикандар Султан Раджа, Пакистандын башкы шайлоо комиссары:

– Биз шайлоо процесси жакшы уюштурулуп, системалуу түрдө өткөндүгүнө ишенебиз. Биз шайлоо органдарынын, айрыкча Борбордук шайлоо комиссиясынын урматтуу Төрагасынын, шайлоо тилкелеринин кызматкерлеринин жана шайлоочуларга жардам берип, шайлоо процессинин уюшкандыкта өтүшүнө көмөктөшкөн бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин жогору баалайбыз. Бардык процесс тынч жана ырааттуу өттү.

 Бахтиёр Худоёрзода, Тажикстандын шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы:

– Шайлоо комиссияларынын иши ачык-айкындуулук жана жеткиликтүүлүк принциптерине жооп берди. Шайлоочулар эркин билдирүү укугун эркин жүзөгө ашырышты. Добуш берүү учурунда шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир этүүчү мыйзам бузууларды биз аныктаган жокпуз.

Которгон: Назира Бегалиева