Президент Касым-Жомарт Токаев жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери улуттук тамак-аш фестивалына катышты. Жогорку коноктор Шериктештик мамлекеттеринин ашкана салттары жана маданий мурастары менен таанышышты. Түркмөнстандын павильонунда жергиликтүү бакча өсүмдүктөрү, нан азыктары жана салттуу килемдер көрсөтүлдү. Экспозицияны «Огузлар» адабий-музыкалык спектакли толуктады. Казакстандын аянты өлкөнүн тарыхына, маданиятына жана заманбап жетишкендиктерине арналган тематикалык зоналарды бириктирди. Коноктор ошондой эле улуттук тамактарды даярдоо процессин көрүштү. Фестивалдын алкагында «Жылкынын учушу: күч жана көрк» мамлекеттер аралык сыйлык телекөрсөтүү тасмалар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Сыйлыктар мамлекет башчыларынын катышуусунда тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

