Астанада «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдеши уланууда. Өткөн дем алыш күндөрү байге фонду 1 миллион долларды түзгөн PUBG: BATTLEGROUNDS боюнча турнир аяктады. 131 упай топтогон «17 Gaming» командасы чемпион болду. Мелдешке дүйнөнүн эң күчтүү 16 командасы катышып, жеңүүчү акыркы — 15-оюнда гана белгилүү болду. Ал ортодо фиджитал-баскетбол боюнча мелдештер да аягына жакындап калды, бүгүн финал өтөт. Виртуалдык жана реалдуу аянтчада катар өтүп жаткан баскетбол турниринин байге фонду 400 миң долларды түзөт. Оюндарга түрдүү өлкөлөрдөн келген калыстар көз салууда. Мелдешке Хорватия, Түндүк Македония, Сербия, Иордания, Кытай, Кыргызстан, Беларусь жана Орусиядан калыстар чакырылган.
Вячеслав Дьяченко, «Келечек оюндары — 2026» мелдешинин фиджитал-баскетбол бойонча башкы калысы:
– Санариптик бөлүктө калыс ар бир оюнчунун өзүнүн жеке аккаунтун көзөмөлдөйт. Ошондой эле кандайдыр бир арам чабыштарга жол берилбеши, джойстик-геймпаддарда кошумча түзмөктөр колдонулбашы, атаандаштардын көңүлүн бурбоо жана мониторду өчүрүп салбоо сыяктуу тартиптерди карайт. Негизинен, булар тартипти сактоого багытталган эскертүүлөр
Тартипке трибуналарда, спорттук объектилердин аймагында жана делегациялар жайгашкан жерлерде Улуттук гвардиянын 1600дөн ашуун аскер кызматкери көз салууда. Астанага дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктордун жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн борбор калаадан, Кокшетаудан, Карагандыдан жана Темиртаудан аскерлер тартылган. Ички иштер министринин орун басары — Улуттук гвардиянын башкы колбашчысы Ансаган Балтабеков алардын эмгегин белгилеп, жаш жоокерлерге сыйлыктарды тапшырды. Аскер кызматкерлеринин айтымында, мындай масштабдуу иш-чарага катышуу алар үчүн маанилүү кесиптик тажрыйба болду.
Есенбек Хайнолла, 5573 Аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери:
- Кызмат учурунда биз күн сайын миңдеген адамдар, анын ичинде чет өлкөлүк меймандар менен баарлашабыз. Биздин негизги максат — алардын Казакстандан жакшы таасирлер менен кетиши. Милдетибиз — меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана күтүүсүз кырдаалдарга ыкчам чара көрүү. Астанада мындай ири эл аралык иш-чаралар тынч жана жогорку деңгээлде өтүп жатат, демек, биз өз жумушубузду сапаттуу аткаруудабыз
«Келечек оюндарында» учкучсуз аппараттар да сыноо режиминде иштеп жатат. Дрондордун жардамы менен жеткирүү кызматы — турнирдин технологиялык жаңылыктарынын бири. Тапшырылган буйрутманы атайын киоск-постаматтардан 8 мүнөткө жетпеген убакытта алууга болот. Ассортиментте ысык жана муздак суусундуктар, жеңил тамак-аштар, сувенирлер жана турнирдин фирмалык өнүмдөрү бар. Келечекте иштеп чыгуучулар мындай кызматты спорттук аянтчалардан тышкары, Казакстандын шаарларынын күнүмдүк турмушуна киргизүүнү көздөп жатышат.
Которгон: Назира Бегалиева

