Казакстандык композитор Ахмет Жубановдун музыкасы дүйнөлүк стриминг платформаларына чыкты. Улуу композитордун скрипка жана фортепианого арналган чыгармаларынын толук жыйнагы алгачкы жолу альбом катары жарык көрдү. Бул чыгармалары Ахмет Жубановдун чөбөрөсү, скрипкачы Жангир Жубанов жана пианист Ерназар Гимарат аткарып, заманбап сапатта жазды. Альбом казактын кесипкөй музыка өнөрүнүн негизин түптөгөн композитордун мурасын жандандырууга багытталган кеңири жумуштун башталышы болмокчу. Долбоор Ахмет Жубановдун 120 жылдыгына утурлай колго алынды.
Жаңгир Жубанов, А.Жубановдун чөбөрөсү, скрипкачы:
– Заманбап технологиялар, ал тургай стриминг платформалары да улуттук салтты таанытууга мүмкүндүк берет. Мисалы, мен Ахмет Куан уулу Жубановдун «Ак көгүчкөн» ырын жаздырып алдым. Бул ырды көпчүлүк элдик ыр катары кабыл алат. Менимче, ырдын авторун таанытып, анын мындан ары аткарылып, угуучуларга кубаныч тартуулаганы маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

