Казакстандын Президентинин Корея Республикасына мамлекеттик сапары башталды

Казакстандын Президентинин Корея Республикасына мамлекеттик сапары башталды

Бүгүн Казакстандын Президенти Корея Республикасына мамлекеттик сапарын президент Ли Чжэ Мёндун чакыруусу менен баштады. Касым-Жомарт Токаевди вице-премьер-министр, илим жана маалымат-коммуникациялык технологиялар министри Пэ Гён Хун Сеул аэропортунан тосуп алды. Эске сала кетсек, шаршемби күнү Сеулда биринчи Борбор Азия-Корея Республикасы саммити өтөт, ага өлкө президенти катышат. Сапардын программасына жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана алдыңкы кореялык компанияларынын жетекчилери менен жолугушуулар да кирет. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Корея Республикасынын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерине 2-даражадагы Достук орденин тапшырды. Өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн сыйлык Улуттук Ассамблеянын мүчөлөрүнө, Сеул Кибер университетинин президентине, Ханкук чет тилдер университетинин профессоруна, Борбордук Азия изилдөөлөр институтунун мүдүрүнө жана көп тармактуу клиниканын жетекчисине тапшырылды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Казак эли жана өкмөт өкүлдөрү достук мамиледеги Кореяны жогору баалашат. Корея Республикасы Казакстан үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз Кореяны эл аралык аренада жогорку кадыр-баркка ээ болгон мамлекет катары карайбыз. Биздин көп кырдуу кызматташтыгыбыз жыл сайын бекемделип жатат. Беш жыл мурун Стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жөнүндө декларация кабыл алынган.


Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда тыгыз саясий диалог түзүлдү, соода-экономикалык мамилелер да динамикалуу өнүгүп жатат. Казакстан менен Корея Республикасы унаа жасоо, энергетика, металлургия жана алдыңкы инновациялык технологиялар жаатында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда. Маданий жана гуманитардык байланыштар унутулган жок алар өз мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууда. Касым-Жомарт Токаев Корея менен байланыштарды чыңдоодо Казакстандагы корей коомчулугунун маанилүү ролун өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, эки тараптын ортосундагы достук эки элдин кызыкчылыгына кызмат кылат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Учурда Казакстанда 100 миңден ашык кореялыктар жашайт. Алар өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык-саясий өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойношот. Биз бардык этникалык топтор үчүн жагымдуу шарттарды түздүк. Корё-сарам коомчулугу казак жеринде тынчтыкта ​​жана ынтымакта жашап, биримдикти, тилектештикти чыңдоого чоң салым кошуп келет. Казакстанда кореялык маданий борборлор иштейт. Алматыдагы академиялык корея театры коомчулуктун таанымына жана сүймөнчүлүгүнө ээ. Корей тилиндеги гезит чыгарылып, атайын радио программасы көрсөтүлөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков