Казакстандын Президенти вице-президентти кабыл алды

Казакстандын Президенти вице-президентти кабыл алды

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Вице-президент Ерлан Кариндин ички саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу, президенттин тапшырмаларын аткаруу, анын ичинде биринчи чакырылыштагы Курултайдын биринчи сессиясынын жана Казакстан Элдик Кеңешинин биринчи сессиясынын ачылышында айтылган демилгелерин алга жылдыруу боюнча отчетун укту. Тактап айтканда, Вице-президент конституциялык баалуулуктарды түшүндүрүү жана жайылтуу, «Таза Казакстан» долбоорун ишке ашыруу, жаңы коомдук этиканы калыптандыруу, «Мыйзам жана тартип» принцибин алга жылдыруу, «Адал азамат» тарбиялоо программасын киргизүү боюнча иштер тууралуу айтып берди. Мамлекет башчысына ички саясат чөйрөсүндөгү негизги иш багыттары, анын ичинде этностор аралык ынтымакты бекемдөө, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, мамлекеттик маалымат саясатын өркүндөтүү боюнча маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков