Казакстандын Президенти Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Казакстандын Президенти Улуттук банктын төрагасын кабыл алды. Тимур Сулейменов 2026-жылдын 7 айындагы акча-кредит саясатынын жыйынтыктары боюнча отчет берди. Өлкөдө жылдык инфляция төмөндөөдө – теке айында  ал 10,2% түздү. Ошол эле учурда бизнести насыялоо өсүүдө. Жылдык көрсөткүчтөр 17% ашты, ал эми чакан жана орто бизнести насыялоонун темпи дээрлик үчтөн бирине тездеди. Теке айынын бирине карата Улуттук фонддун жана өлкөнүн алтын-валюта резервдеринин жалпы көлөмү 127 миллиард доллардан ашты. Касым-Жомарт Токаевге «Алатау Сити» финансылык экосистемасын өнүктүрүү боюнча чаралар да сунушталды. Алар капиталдын кыймылын тездетип, көбүрөөк инвестицияларды тартууга тийиш. Мамлекет башчысына санариптик каржы активдеринин индустриясын жана Улуттук санариптик каржы инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу да маалымдалды. Жаңы багыттардын катарында стейблкоиндерди трансчегаралык төлөмдөр үчүн колдонуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана токендештирилген мамлекеттик активдерди чыгаруу бар. Улуттук төлөм системасынын алкагында теке айынын 19унан баштап Казакстанда QR-төлөмдөр жана каалаган банктардын кардарларынын ортосунда телефон номери аркылуу которуулар ишке кирди. Бул убакыт аралыгында 170 миллиард теңгеге 6,5 миллион операция жасалды. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент өлкөнүн финансылык системасын өнүктүрүү боюнча ишти улантууну тапшырды.


Которгон: Назира Бегалиева