Казакстандын Президенти тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын Президенти тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакстандын президенти жаңы дайындалган тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев тышкы саясат мекемесинин негизги милдеттерин аныктады. Мамлекет башчысы Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын ырааттуу илгерилетүүнү, тең салмактуу тышкы саясатты бекемдөөнү жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү тапшырды. Көп тараптуу кызматташтыкты жандандырууга жана чет өлкөлөрдөгү казакстандыктардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, Мамлекет башчысынын катышуусундагы алдыдагы эл аралык иш-чаралардын графиги каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков