«Казакстан – Кытай» инвестициялык форумунун алкагында мамлекет башчысы кытайлык бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Президент Касым-Жомарт Токаев Sunwah Group корпорациясынын төрагасы, Гонконгдогу Кытай башкы соода палатасынын башчысы Цай Гуаньшэньди кабыл алды. Жолугушууда соода палатасы менен биргеликте Алматыда инвестициялык форумду жыл сайын аянтчанын негизги өнөктөштөрүнүн бири катары өткөрүү сунушталды. Цай Гуаньшэнь айтылган демилгелерди колдоп, кытайлык бизнестин жасалма интеллект, каржы жана Alatau City шаарчасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорго болгон кызыгуусун баса белгиледи.
Цай Гуаньшэнь, Sunwah Group корпорациясынын төрагасы: Кытай
– Биздин уюм Казакстандагы долбоорлор үчүн фонд түзүү боюнча Sturgeon Capital инвестициялык компаниясы менен меморандумга кол койду. Биринчи этапта 100 миллион доллар салууну ниеттенүүдөбүз. Келечекте фондду миллиардга чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Каражаттар, атап айтканда, өлкөнүн мунай жана газ, ошондой эле тоо-кен тармактарына багытталат. Фондду Гонконгдо жана АЭКБ аянтчасында каттоону үмүттөнөбүз.
Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгын өнүктүрүү келечеги Мамлекет башчысы төрт кытай компаниясынын жетекчилери менен жолугушууда маселени талкуулады. VNET Group маалыматтарды сактоочу ири кластерди жана жасалма интеллект үчүн инфраструктураны түзүүгө кызыкдар. Атомдук энергетикада Shanghai Junhe Цзюньхэ Atomic Technology менен ядролук отун өндүрүү жана кичи модулдук реакторлорду чогултуу каралды. Мунай жана газ тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүү Hong Kong Sino-Science Oil and Gas менен талкууланды. Ал эми каржы тармагындагы мүмкүнчүлүктөр Silk Road Finance Corporation жетекчилиги менен каралды.
Fufeng Group компаниясы үчүн жаңы ишканага адистерди даярдоону жергиликтүү жогорку окуу жайлар менен биргеликте пландаштырууда. Ошондой эле, өндүрүш базасында казакстандык илимий институттарды тартуу менен изилдөө борборун ачуу сунушталууда. Касым-Жомарт Токаев компаниянын башчысы Ли Сюэчунь менен ушул маселелерди талкуулап, Жамбыл облусунда жүгөрү иштетүүнүн тереңдетилген масштабындагы инвестициялык долбоордун ишке кириши менен куттуктады.
«Кольжат» кенинин өнүгүү келечегин Касым-Жомарт Токаев Xinfa Group компаниясынын башчысы Чжан Гуйчун менен талкуулады. Мамлекет башчысынын айтымында, анын өздөштүрүлүшү жарым какос, суутек, синтез-газ, жогорку сапаттагы мунай заттарын чыгаруучу өнөр жай чынжырын түзүү менен коштолушу керек. Ошондой эле, тараптар критикалык маанилүү материалдар тармагында өнөктөштүктү тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Тогуздун айында өлкө Pinduoduo менен биргелешкен долбоорду ишке киргизет. Бул тууралуу Казакстандын Президентинин компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле YTO Express менен жолугушуусунда белгилүү болду. Айрыкча Almaty SkyHub транспорттук-логистикалык хабын түзүү долбооруна өзгөчө көңүл бурулду, ал Европа Биримдиги, ЕАЭБ жана Борбор Азия рыноктору үчүн товарларды тез иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Кытайлык UB-TECH Robotics Алматыда билим берүүчү жана тейлөөчү роботтордун заводун ачууну көздөп жатат. Мамлекет башчысы бул пландарды компаниянын улук президенти Чжун Юн менен талкуулады. Тараптар ошондой эле компетенция борборун түзүү, техникалык жогорку окуу жайлар жана колледждер менен бирге адистерди даярдоо маселесин карашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

