Казакстандын президенти №520 шайлоо
тилкесинде, Эгемендүүлүк сарайында жайгашкан Курултайга шайлоодо добуш берди. Андан
кийин Касым-Жомарт Токаев басма сөз өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрдү. Мамлекет
башчысы өлкөбүздүн келечектеги өнүгүүсү үчүн шайлоонун өзгөчө тарыхый маанисин
баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Албетте, бүгүн өлкөбүз үчүн
чындап эле тарыхый күн. Биз биринчи жолу бир палаталуу Курултайга шайлоо
өткөрүп жатабыз. Бир бүтүн эл катары биригип, масштабдуу реформаларды жүргүзүп
жатабыз. Муну баарыңар жакшы билесиңер, болуп жаткан өзгөрүүлөргө күбөсүңөр. Биз олуттуу
жыйынтыктарга жетиштик. Ошол эле учурда дагы масштабдуу иштерди аткаруу керек,
ал эми алдыга койгон максаттарыбыз өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү шайлоо – бул чоң
иштин башталышы гана.
Мамлекет башчысы өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүжакшы өткөндүгүн баса белгиледи. Саясий аренагажаңы инсандар чыгып, мазмундуу жанаконструктивдүү идеялар айтылды. Бирок эңбашкысы – алдыда. Президенттин айтымында, Казакстан чоң курулуш аянтына айланат. Райондордо жана шаарларда ири долбоорлор ишкекирет.
Касым-Жомарт Токаев журналисттердинвице-президенттин жаңы кызмат орду тууралуу
суроосуна да жооп берди.
Касым-Жомарт Токаев, КазакстанРеспубликасынын Президенти:
– Биз бул кызматты атайылапКонституциябызга киргиздик. Бул абдан зарыл деп айтсам жаңылышпайм. Азыркы оормезгилде мындай кызмат биздин өлкөгө өзгөчөкерек.
Вице-президенттик кызматты ким аткарары кийинки жума же
он күндүн ичиндебелгилүү болот. Азыр анын атын айтуу эрте. Булсиздер жакшы билген атактуу адам
болот депойлойм. Биз башка реформаларды да ишкеашырабыз. Мисалы, жаңы мамлекеттикоргандын - Казакстан Халык Кеңешинин ишинбаштоо керек.
Которгон: Назира Бегалиева

