Баку шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммитинин алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Катар мамлекетинин Эмири, шейх Тамим бен Хамад Аль Тани менен жолугушту. Сүйлөшүүчүлөр эки тараптуу кызматташтык жана өнөктөштүктүн келечеги, ошондой эле биргелешкен инвестициялык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Тараптар эл аралык күн тартиптеги маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

