Казакстандын Президенти чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирди

Казакстандын Президенти чет өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына ыраазычылык билдирди

Курултай депутаттарын шайлоого өлкөбүздүн достору жана өнөктөштөрү да өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчысынын дарегине куттуктоолор дагы деле келип түшүүдө. Касым-Жомарт Токаев Орусия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан жана Беларусь президенттерине эгемен Казакстандын тарыхындагы бир палаталуу Курултайга өткөн алгачкы шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшүнө байланыштуу жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирди. Куттуктоо телеграммаларын ШКУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ЭКУ жана ТҮРКСОЙ сыяктуу эл аралык уюмдардын жетекчилери да жөнөтүштү. Президент Касым-Жомарт Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы коомдун жетилгендигин жана биримдигин айгинелегенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар кайра артка кайткыс тенденцияга айланып, жарандар тарабынан кеңири колдоого ээ болгонун баса билдирди.

Которгон: Назира Бегалиева