Казакстандын Президенти БУУнун ыктыярчылар программасынын аткаруучу координаторун кабыл алды

Казакстандын Президенти БУУнун ыктыярчылар программасынын аткаруучу координаторун кабыл алды

Казакстандын Президенти БУУнун ыктыярчылар программасынын аткаруучу координатору Тойли Курбановду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев конокко өлкөнүн демилгелерин колдогону жана Астанада өтүп жаткан КМШ ыктыярчылар форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Казакстан ыктыярчылык кыймылын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, мунун далили - 2026-жылды Эл аралык ыктыярчылар жылы деп жарыялоо сунушу. Казакстандын демилгесин БУУнун Башкы Ассамблеясы жана 60тан ашуун өлкө колдоду. Мындан тышкары, өлкөнүн жаңы Конституциясында ыктыярчылык ишмердүүлүктү жайылтуу бекемделгенин Касым-Жомарт Токаев кошумчалады. Өз кезегинде Тойли Курбанов Казакстандын БУУнун ыктыярчылар программасы менен кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгиледи.  Айрыкча, «Таза Казакстан» коомдук акциясы бир катар өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратты. Касым-Жомарт Токаев Тойли Курбановду Казакстанда ыктыярчылыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы  «Достук» ордени  менен сыйлады.

Которгон: Назира Бегалиева