Казакстандын Президенти Бакуда өткөн АӨИЧКнын VII саммитине катышты

Казакстандын Президенти Бакуда өткөн АӨИЧКнын VII саммитине катышты

АӨИЧК Азияда түз диалог аркылуу коопсуздукту камсыздоо жана ишенимди бекемдөө үчүн уникалдуу аянтча бойдон калууда. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев АӨИЧКнын VII саммитинде сүйлөп жатып билдирди. 30 жылдан ашык мурда Казакстан бул форумду түзүү демилгесин көтөргөн. Ал эми бүгүнкү күндө Уюмга мүчө мамлекеттер Азиянын 90 пайызын ээлеп, планетанын калкынын жарымынан көбүн түзөт. Президент мындай масштаб АӨИЧКнын эбегейсиз дараметин чагылдырып, аны пайдалануу керектигин белгиледи. Уюм ырааттуу диалогга жана конструктивдүү кеңешүүлөргө негизделген коопсуздук моделин илгерилетиши керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биздин Уюм талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө, куралсызданууга жана тынчтыкты орнотууга олуттуу салым кошо алат. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп турат. БУУ, ШКУ, КМШ жана башка эл аралык институттар менен өз ара аракеттенүү аркылуу, Азияда да, анын чегинен тышкары да пикир келишпестиктерди жоюуда АӨИЧК  өзүнүн активдүү ролун ойношу керек. Ушуга байланыштуу, биз мүчө мамлекеттерди жалпы саясий эркибизди сезилээрлик натыйжаларга алып келүүчү конкреттүү демилгелерге айландырууга чакырабыз. Практикалык кадам катары, биз алдын алуу дипломатиясынын механизмин ишке киргизүүнү сунуштайбыз.

Ишенимди бекемдөө чаралары санариптик чөйрөгө да жайылтылышы керек. Азыркы учурда жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү эл аралык эрежелерге караганда тез өнүгүп жатат. Мамлекет башчысы бул жагынан Вашингтондо кол коюлган «Суперинтеллект жөнүндөгү макулдашууну» кубаттады. Бул документ БУУнун колдоосу астында эл аралык келишимдин негизи болуп калышы мүмкүн.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– АӨИЧК бул процесcке олуттуу салым кошо алат деп ишенем. Бул жааттагы глобалдык аракеттерибиздин алкагында Казакстан Алматыда БУУнун ЭСКАТОнун Туруктуу өнүгүү үчүн Азия-Тынч океан санариптик чечимдер борборун жайгаштырат. Бул Борбордун ишине АӨИЧКга мүчө мамлекеттер кошулуп, биздин региондун санариптик келечегин биргелешип түзүшөт деп үмүттөнөм.

АӨИЧК ири транс чек ара долбоорлорду ишке ашырууга салым кошо алат. Казакстандын президенти транспорттук байланыш боюнча Кеңештин стратегиясын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады. Бул ортоңку коридорду, анын ичинде аймактын транспорттук маршруттарынын дараметин изилдөөгө жардам берет. Касым-Жомарт Токаев энергетикалык коопсуздуктун маанилүүлүгүн да баса белгиледи. Бул жерде да биринчи орунда өнөктөштүк турат. Мисалы, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан Каспий жашыл энергетикалык коридорун түзүп жатышат, ал энергетикалык системаларды бириктирип, аларды Европа рынокторуна туташтырат. Президент ошондой эле Азербайжан менен биргеликте Баку – Тбилиси – Джейхан кууру аркылуу казак мунайын жеткирүүнү көбөйтүү пландары менен бөлүштү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Каспий деңизинин биздин аймактын жана бүткүл дүйнөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү болуп бара жатканы көрүнүп турат. Казакстан Каспийдин аймактагы бардык мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн пайдасына тынчтык жана кызматташтык мейкиндиги бойдон калышына бекем ишенет. Аны суу ресурстары жана экология жаатындагы биргелешкен күч-аракеттер менен сактап калуу да бирдей мааниге ээ.

Казакстан суу ресурстарын кызматташтыктын булагы бойдон калуусун жактап турат. Касым-Жомарт Токаев АӨИЧК жыйынынын Суу өнөктөштүгүн түзүүнү сунуштады. Бул технологиялык алмашууга, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана сууну үнөмдөөчү чечимдерди ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысы билим берүү жана илим жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн да баса белгиледи. Казакстан АӨИЧК  өлкөлөрүнүн студенттерине стипендия, окумуштууларына грант берүүгө даяр. Ал ортодо жыйындын өзү да кеңейүүдө - ага Лаос кошулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков