Казакстандын Президенти Аскердик реформанын планын даярдоону тапшырды

Казакстандын Президенти Аскердик реформанын планын даярдоону тапшырды

Казакстандын Президенти жана Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Ал Маңгыстау облусундагы машыгууларда курман болгон аскер кызматкерлерин бир мүнөттүк унчукпай эскерүү менен башталды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Мен каза болгон бардык аскер кызматкерлеринин ата-энелерине көңүл айтуу телеграммаларын жөнөттүм. Маркумдун туугандарына бардык зарыл жардам көрсөтүлөт. Бир дагы үй-бүлө колдоосуз калбайт.

Касым-Жомарт Токаев кырсыктын жагдайларын гана эмес, машыгууларды ким иштеп чыкканын жана максаттар заманбап коркунучтарга канчалык деңгээлде жооп берерин иликтөөнү талап кылды. Мамлекет башчысы Өкмөттүк комиссия машыгууларды даярдоо жана өткөрүү үчүн жооптуу кызмат адамдарын баалашы керек деп эсептейт. Андан тышкары, Президенттин жарлыгына ылайык, Коргоо министрлигинде комплекстүү кароо башталды. Комиссияны Коопсуздук кеңешинин төрайымынын орун басары Аида Балаева жетектейт. Мамлекет башчысы министрликтин ишин терең өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Аскердик тармакта түп-тамырынан бери реформалоо мезгили келди. Бул ыкчам милдет. Ушул себептен улам мен кадрдык өзгөрүүлөрдү жасадым. Сиздерге жаңы коргоо министри Айдос Сакенович Мырзахметовду тааныштырам. Ал кызматка оңой эмес мезгилде киришип жатат. Ага өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алдыда өтө татаал милдеттерди чечүү турат. Эң чечкиндүү аракеттер талап кылынат.

Негизги максат - санариптик технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларга ылайык башкаруу системасын колдонгон жаңы муундагы армияны түзүү. Президент тогуздун айында Коопсуздук Кеңеши тарабынан карала турган атайын, этап-этабы менен жүргүзүлүүчү Аскердик реформа планын даярдоону тапшырды. Андан тышкары, жаңы министрге башка бир катар маанилүү милдеттер жүктөлдү. Аларга бюджеттик ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу, идеологиялык жана тарбиялык иштерди күчөтүү кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков