Казакстандын Президенти Армениянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Касым-Жомарт Токаев Никол Пашинянды кызматка кайра дайындалышы менен куттуктап,
армян элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады. Өз
кезегинде Никол Пашинян Казакстанга Курултайга шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүүгө
тилектештик билдирди. Тараптар казак-армян мамилелеринин оң динамикасын
белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.
Сүйлөшүүчүлөр ошондой эле өткөн жылдын жетинин айында Армениянын
премьер-министринин Астанага расмий сапары учурунда жетишилген келишимдердин
аткарылышын талкуулашты. Соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана
маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл
бурулду.
Которгон:
Назира Бегалиева

