Казакстандын
Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайдын депутаттыгына талапкерлердин партиялык
тизмесин кабыл алууну жыйынтыктады. БШКга жети саясий партия документ тапшырды.
Ошол эле учурда милдеттүү шарттардын бири - ар бир тизмедеги аялдардын,
жаштардын жана майыптыгы бар адамдардын үлүшү жалпы талапкерлердин санынын
кеминде 30 пайызын түзүшү керек. Эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
талапкерлердин Конституциянын талаптарына шайкештигин текшерет. Партиялык
тизмелерди каттоо теке айынын 23дө аяктай тургандыгын Борбордук шайлоо
комиссиясынан маалымдашты. Ошол эле учурда эл аралык байкоочуларды
аккредитациялоо уланууда. Үч эл аралык уюмдун жана төрт өлкөнүн 60 өкүлү
катталды.
Мухтар
Ерман, БШК төрагасынын
орун басары:
– Эл аралык байкоочулардын арасында КМШ байкоочулар миссиясынан 4 адам, КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынан 19 адам, ЕККУнун шайлоолорду байкоо миссиясынан 32 байкоочу, Мальдив Республикасынан 2 байкоочу, Палестинанын Казакстандагы элчиси, Венесуэланын элчиси жана Венгриянын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү бар. Арыздар келип түшкөн сайын тизме кеңейтилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

