Казакстандын Премьер-Министри: «Мамлекет башчы койгон милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек»

Казакстандын Премьер-Министри: «Мамлекет башчы койгон милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек»

Социалдык объектилерди жана инфраструктураны калыбына келтирүү, ошондой эле суу  ташкынынан жабыркагандар үчүн турак жайларды куруу жанасатып алуу. Ушул жана башка маселелер бүгүн өкмөттөгү жыйында каралды. Премьер-Министр Олжас Бектенов белгилегендей, Мамлекет башчы тарабынан кырсыктан жабыркагандарды өзубагында турак-жай менен камсыз кылуу боюнча коюлган милдет өз мөөнөтүндө аткарылышы керек. Каржылоо толугу менен бөлүнгөн, эми бардыкресурстарды мобилизациялоо жана иштиактивдештирүү милдети турат.

Эскерте кетсек, авариялык абалда деп табылган 8 миң 650 үйдүнээлери үчүн экинчи базардан турак-жай сатып алынат же үй курулат. Оңдоло турган 9 миңденашуун объекттин дээрлик бардыгында иштер бүткөрүлдү. Мындан тышкары, билим берүү жана медициналык мекемелер калыбына келтирилүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков