Президент Касым-Жомарт Токаев Акордада Эл аралык орус тили уюмунун башкы катчысы Наталья Бочарова менен жолугушту. Эки тарап билим берүү, илим жана маданият жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчысы Уюмду гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган абройлуу түзүм катары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда бардык катышуучу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуунун зарылдыгын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев тил саясатташтыруунун предметине айланбай, адамдарды бириктирип, өз ара түшүнүшүүнү чыңдоосу керек деп эсептейт. Наталья Бочарова өз кезегинде президентке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Уюмду андан ары өнүктүрүү пландарын айтып берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

