Казакстандын Президенти Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн «БРИКС плюс» саммитине катышты. Касым-Жомарт Токаев жалпы жыйында ачык форматта сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы БРИКСтин бөлүнүүнү жеңүү жана глобалдык туруктуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. Бүгүнкү күндө бул эң ири топтун өлкөлөрү дүйнө калкынын дээрлик жарымын жана дүйнөлүк ИДӨдүн 40% түзөт. Касым-Жомарт Токаев азыркы учурдун фундаменталдуу көйгөйлөрүнүн ичинен «Улуу фрагментация» деген терминди атады – бул термин биринчи жолу быйыл Глобалдык тынчтык индексинде колдонулган. Ал геосаясий тирешүүнү, милитаризациянын өсүшүн жана соода тоскоолдуктарынын күчөшүн камтыйт. Өткөн жылы зомбулуктан улам глобалдык экономикалык жоготуулар дүйнөлүк ИДӨдүн 10%на жеткен. Казакстандын Президентинин айтымында, дагы бир олуттуу көйгөй - бул чек ара инфраструктурасына коркунучтун өсүшү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Артыкчылыктуу маселе аймактык чыңалууну басаңдатуудан саясий диалог жана ырааттуу дипломатия аркылуу узак мөөнөттүү туруктуулукка өтүү болушу керек. Кеңири контекстте алганда, эл аралык коопсуздук архитектурасынын бузулушу жана узакка созулган чыр-чатактар жаңы куралдануу жарышынын коркунучун, стратегиялык каталарды, туура эмес чечимдерди күчөтөт. Ошондуктан, жаңы технологиялар менен байланышкан коркунучтарды кошо алганда, ядролук державалардын ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалог тез арада зарыл.
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, алдыңкы державалардын ортосундагы ишенимдин төмөндөшү БУУнун натыйжалуу иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Бирок, Президент башка альтернатива жок экенин кайталады. Өнөктөш өлкө катары Казакстан БРИКСти практикалык кызматташуу үчүн ачык платформа катары карайт, ал БУУнун негизиндеги көп тараптуу системаны толуктайт, деп билдирди Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин өзгөрүлбөс принцибибиз - ар бир татаал маселе боюнча жалпы пикирди издөө. Бул мамиле бардык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга умтулууга негизделген тең салмактуу, максатка багытталган тышкы саясатыбызды чагылдырат.
Өткөн жылы Казакстандын БРИКС мүчөлөрү жана өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү болжол менен 72 миллиард долларга жеткен. Казакстан БРИКС өлкөлөрү менен сооданы көбөйтүүнү көздөйт. Андан тышкары, ЕАЭБдин учурдагы төрагасы катары Казакстан БРИКС менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана Индия менен эркин соода келишимин түзүү боюнча ишти улантууну колдойт. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, энергетика тармагында терең кайра иштетүү, маанилүү минералдар, айыл чарбасы жана транспорттук байланыш тармактарында өнөктөштүк үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Андан тышкары, президент Жаңы Өнүктүрүү Банкына БРИКС өлкөлөрүндөгү жана Казакстандагы долбоорлорду каржылоону карап чыгууну сунуштады. Бул транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү инфраструктурага жана өнөр жай өндүрүшүнө инвестицияларды тартуу менен байланыштырат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жалпысынан алганда, биздин транзиттик тармагыбыз Кытай менен Европанын ортосундагы кургактыктагы жүк ташуулардын 85%га чейинкисин түзөт. Транскаспий эл аралык транспорттук жолунун бир бөлүгү катары Казакстан Каспий деңизи аркылуу Азия менен Европанын ортосундагы байланыштыруучу көпүрө кызматын кылат. Бул маанилүү транспорттук жол менен «Бир алкак, бир жол» демилгесинин жана Эл аралык Түндүк-Түштүк транспорттук коридорунун ортосундагы андан ары синергия интеграцияланган, туруктуу евразиялык транспорттук тармакты түзүүгө жардам берет.
Касым-Жомарт Токаев улуттук жасалма интеллект борборлорун бириктирүү жана изилдөө долбоорлоруна мүмкүнчүлүк берүү үчүн жасалма интеллект боюнча БРИКС плюс өнөктөштүгүн баштоону сунуштады. Ошондой эле, ал өлкө тарабынан БУУнун колдоосу астында Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча демилгеленген консультацияларга катышууга чакырды. Жыйынтыктап айтканда, Президент Казакстан эгемендүү теңчиликке, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана биргелешкен жоопкерчиликке негизделген көп полярдуулукту жактаарын кайталады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

