Бүгүн
Казакстандын банк секторунун туруктуулугу тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге
маалымдалды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы
Мадина Абылкасымова билдиргендей, 8 айда банктардын активдери дээрлик 7%
көбөйүп, 75,5 триллион теңгеге жетти. Президентке экономиканы каржылоону
кеңейтүү боюнча чаралар тууралуу да маалымат берилди. Мисалы, бизнестин
насыялары 16 триллион теңгеге жетти. Ошол эле учурда, жаңы насыялардын көлөмү
жыл башынан бери 19% көбөйүп, 12,5 триллион теңгени түздү. Учурда өлкөдө каржы
секторун санариптештирүү иштери жүрүп жатат. Агенттик тарабынан жасалма
интеллектти колдонгон «FinAI» деген
бирдиктүү көзөмөлдөө платформасы түзүлдү, ал эми жыл аягына
чейин каржы рыногунун бардык секторлоруна жасалма интеллектти киргизүү
стратегиясы иштелип чыгат, ал маалыматтык коопсуздукка жана маалыматтарды
коргоого бирдиктүү мамилени карайт. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт
Токаев өлкөдөгү каржылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча бир катар
тапшырмаларды берди.
Мадина
Абылкасымова, каржылык рынокту
жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:
– Банктар тууралуу жаңы мыйзамды ишке
ашыруунун алкагында ченемдик укуктук база толугу менен жаңыртылып, 80ден ашык
ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Мамлекет башчысынын тапшырмаларын
аткаруу үчүн 2030-жылга чейин Капитал рыногун жана камсыздандыруу рыногун
өнүктүрүү боюнча жаңы программалар, ошондой эле «Капитал рыногу жөнүндө» жана «Камсыздандыруу
рыногу жөнүндө» жаңы редакциядагы мыйзам долбоорлору иштелип чыкты. Алар
экономиканы узак мөөнөттүү каржылоону кеңейтүүгө, калкты жана бизнести
камсыздандыруудан коргоону күчөтүүгө, санариптештирүүгө, тобокелдикке
негизделген көзөмөлгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

