Казакстандык ЖИ-платформа мугалимдердин жүгүн жеңилдетүүдө

Казакстандык ЖИ-платформа мугалимдердин жүгүн жеңилдетүүдө

Мугалимдерге окутууга көбүрөөк, кагаз иштерине аз убакыт. Мындай милдетти казакстандык билим берүү AI-платформасы WONK аткарат. Ал мугалимдер жана окуучулар үчүн куралдарды бириктирет. Ошентип, мугалимге теманы жана окутуу максаттарын көрсөтүү жетиштүү. Жасалма интеллект сабактын түзүмүн, презентацияны, тестти же практикалык тапшырманы түзөт. Система мектептин күн тизмегин түзүүгө жана башка административдик милдеттерди аткарууга да жардам берет. Натыйжада, күнүмдүк жүктөм азаят. Мугалим жумасына 12-15 саатка чейин, ал эми жылына 250 саатка чейин убакытты бошото алат. Мектеп администрациясы үчүн убакытты үнөмдөө эки жарым жумага жетет.


Ерсайын Бекболатов, Wonk компаниясынын башкы мүдүрү:


– Биздин негизги милдетибиз – ишти жеңилдетүү. Бирок, ошол эле учурда биз түзгөн сабак пландары жана презентациялар жасалма интеллекттик  сыяктуу көрүнбөшү үчүн аракет кылдык. Ошондуктан баалоо методологиясын туура түзүүгө көп убакыт жумшадык. Ошондой эле балдарды түшүнүү жана анализдөө багытына да көңүл бурдук. Мугалимдерге балдарын түшүнүү жеңил болот. Негизинен, биздин система онлайн күндөлүктөр үчүн интеграция катары иштейт.


Платформанын мүмкүнчүлүктөрү окуучулар үчүн да каралган. AI-репетитор окуу материалын өз алдынча өздөштүрүүгө жардам берет. Бул үй-бүлөлөрдүн кошумча сабактардан чыгымдарын азайтышы мүмкүн. Иштеп чыгуучулардын баалоосу боюнча, өнүмдү өлкө боюнча жайылтуудан алынган потенциалдуу экономикалык таасири жылына 70 миллиард теңгеге жетиши мүмкүн.


Нурсат Кудабаев, Казакстандык Wonk стартабынын өкүлү:


– Өткөн жылы биз Казакстандын төрт аймагында 33 мектепте жасалма интеллект платформасын сыноодон өткөрдүк. Булар Кызылорда жана Түркестан облустары, ошондой эле Астана жана Алматы шаарлары. Мугалимдерден практикалык тажрыйба жана пикир алгандан кийин, биз кийинки баскычка өтүүгө даярбыз. Биздин максатыбыз – өлкөнүн бардык мектептерин камтуу, андан кийин чет өлкөлүк рынокторго чыгуу.


Бүгүн платформаны 32 миңден ашуун адам колдонуп жатат. Алардын арасында 5 миңден ашуун мугалим жана 16 миңден ашуун окуучу бар. Технологияны практикада сынап, анын натыйжалуулугун баалап чыгышты.

Которгон: Назира Бегалиева