Казакстандык студенттер университеттер арасындагы биринчи
дүйнөлүк командалык шахмат чемпионатында коло медалга ээ болушту. Алматыда
өткөн FIDE сыйлыктары үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн 16 университеттик командасы ат
салышты. Биздин команда үчүн байгеге жетүү оңой болгон жок. Уюштуруучулардын айтымында,
турнирдин эң кызыктуу жана эмоционалдуу беттешинде Казак улуттук спорт
университетинин командасы Американын University of
Texas at Dallas командасын жеңди.
Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча казакстандыктар Гарвард жана Кембридж
университеттеринин атаандаштарынан да алдыга чыгышты. Белгилей кетсек, бул
биринчи дүйнөлүк чемпионат эң мыкты университеттик шахмат мектептерин
бириктирди. Анын негизги максаты – интеллектуалдык спортту өнүктүрүү жана
ЖОЖдор аралык эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Жыйынтыгында Орал мамлекеттик
тоо-кен университетинин командасы жеңишке жетти. Экинчи орунду АКШнын өкүлдөрү
– Сент-Луис университетинин командасы ээледи. Чемпионаттын жалпы байге фонду 15
миллион теңгени түздү.
Дармен Садвакасов, Казакстандын шахмат федерациясынын
биринчи вице-президенти:
– Мен азыр ушул фактыны айтканыма абдан кубанычтамын,
Казакстандын командасы - спорт университети, бул командалык дүйнө чемпионатында
коло медалга ээ болду. Бул болсо акыркы мүнөттөрдө эле болду. Сонун атмосфера,
бул балким, эң маанилүү нерсе. Анткени Казакстандын биринчи Дүйнөлүк шахмат
универсиаданы, университеттер арасындагы командалык дүйнөлүк чемпионатты
өткөрүү демилгеси. Бул демилге ийгиликтүү болду деп айтууга болот.
Казыбек Ногербек, FIDE World University Team Chess Championship коло медалынын ээси:
– Алар менен ойноо оңой көрүнгөн, биз ар бир оюнга болгон күчүбүздү жумшап аракет кылдык. Анткени ар бир атаандаш «күтүлбөгөн белек» бере аларын билгенбиз. Ошондуктан бир секунда да эс албаш керек болчу. Биз ушундай маанайда келгенбиз.
Которгон: Назира Бегалиева

