Казакстандык окуучулар Колумбиядагы олимпиададан жеңиш менен кайтышты

Казакстандык окуучулар Колумбиядагы олимпиададан жеңиш менен кайтышты

Казакстандын физика боюнча улуттук курама командасы Колумбиядан мекенине кайтып келди. Эске салсак, балдар Эл аралык олимпиадада тарыхый рекорд коюп, мүмкүн болгон беш алтын медалга ээ болушту. Астана жана Алматы шаарларынан беш окуучу өлкөгө жеңиш алып келип, дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 380ден ашуун катышуучуну артта калтырышты.


Нургуль Егенбергенова, Физика боюнча 56-эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү:


– Эл аралык физика олимпиадасында алгачкы алтын медалга ээ болгон казак кызы катары мен абдан кубанычтамын жана келечекте башка казакстандык мектеп окуучулары да мындай абройлуу сынактардын жеңүүчү аянтчасына дайыма чыгып турарына ишенем.


Абройлуу эл аралык турнирге улуттук кураманы даярдоодо тажрыйбалуу насаатчылар менен өткөн жылдардын жеңүүчүлөрү даярдашкан. Ал эми окуучулар өздөрү күн сайын бир нече саат бою татаал маселелерди чечип, көндүмдөрүн өркүндөтүшкөн.


Алишер Еркебаев, Казакстандын курама командасынын жетекчиси:


– Олимпиададагы тапшырмалар эң заманбап илимий темалардын негизинде түзүлөт. Мисалы, Нобель сыйлыгына татыган илимий изилдөөлөргө байланышкан темалар камтылат. Окуучулар буга чейин алган билимдерин кантип колдонуу керектигин көрсөтүүгө тийиш.


Казакстан курама командасынын тарыхый ийгилигин тиешелүү мекеме да белгиледи.


Жулдыз Сулейменова, Казакстан Республикасынын агартуу министри:


– Бул Мамлекет башчысы жүргүзүп жаткан реформанын чоң жыйынтыгы. 2020-жылдан бери эл аралык олимпиадаларга катышып, жыйынтык көрсөткөн балдарыбызга 2 миллиондон 6 миллионго чейин бир жолку сый акы берилет. Мындай балдар үчүн университеттерге сынаксыз тапшыруу каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков