Казакстанда мектеп программалары жаңы Конституциянын негизинде жаңыртылды

Казакстанда мектеп программалары жаңы Конституциянын негизинде жаңыртылды

Аяк оона айынын биринен баштап Казакстанда окуу программалары жаңыртылат. Билим берүү стандарттары Жаңы Конституцияга ылайыкташтырылды. Бул тууралуу Астанадагы Өкмөттүн жыйынында билим берүү министри билдирди. Жулдыз Сулейменованын айтымында, 5-7-класстар үчүн «Конституциянын негиздери» предмети, ал эми 8-11-класстар үчүн «Мыйзам жана тартип» курсу киргизилет. Мындан тышкары, 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар «Жеке коопсуздук» сабагын окушат, ал эми «Укуктун негиздери» эми милдеттүү предмет болот. Дагы бир маанилүү өзгөрүү - орто билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү. Мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгынын алкагында республиканын бир нече аймактарында атайын пилоттук долбоор башталат.


Жулдыз Сулейменова, Казакстандын Билим берүү министри:


– 2026-жылдын аяк оона айынын биринен тартып, Павлодар жана Кызыл-орда облустарынын 10 чакан мектебинде шаардык жана айылдык мектептердин билим сапатындагы айырмачылыкты жоюуга багытталган, жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Жалпысынан, пилоттук этапта долбоор 500 чакан мектепти камтыйт. 2029-жылга чейин долбоор 2 миң алты жүз чакан мектептин бардыгына этап-этабы менен жайылтылат.


Казакстанда студенттин санариптик экосистемасы калыптандырылууда

Жасалма интеллект Казакстандын мектептеринде гана эмес, өлкөнүн жогорку билим берүү системасында да активдүү киргизилип жатат. Студент үчүн бирдиктүү санариптик экосистема түзүлүүдө. Ал окуу жайга тапшыруудан диплом алууга чейинки бардык процесстерди бириктирет. Ошондой эле, УБТнын электрондук сертификаты, ЖИ-прокторинг жана AI-Talapker кызматы да жеткиликтүү. Келечекте AI-Admission, AI-Onboarding, AI-Library, AI-психолог сыяктуу ЖИ чечимдерин ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, казакстандык студенттер өздөрү да ЖИ-агенттерди иштеп чыгышууда. Мисалы, 440тан ашуун AI-Sana программасынын алкагында.

Которгон: Назира Бегалиева